Бишкектеги "Мадина резиденс" турак жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Укук тартиби 20 октябрь 2025 13:20
1.jpg
568088228_1319480033293146_5319322356791554917_n.jpg
568208637_1319479946626488_4147275972389063204_n.jpg
568411588_1319480039959812_3599947420792753019_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
568088228_1319480033293146_5319322356791554917_n.jpg
568208637_1319479946626488_4147275972389063204_n.jpg
568411588_1319480039959812_3599947420792753019_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. УКМК Бишкек шаарындагы А.Огонбаев көчөсүн 12 дареги боюнча 16 кабаттуу "Мадина резиденс" турак жай комплексин курууда мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, курулуш компаниясынын заказы боюнча иштеген долбоордук уюм тарабынан долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо жалган маалыматтар киргизилип, анын негизинде турак жай комплексин куруу долбоорлору макулдашылган.

Белгиленгендей, курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана мындан ары ишке ашырылбашы керек.

Объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ошондой эле үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет.

Бул факты боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 18-октябрында төмөндөгүлөр кармалган.

  • С.Д.М. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;
  • О.Д.Б. долбоорлоо уюмунун жетекчиси;
  • Р.Ж.Т. курулуш компаниясынын жетекчиси.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен С.Д.М. жана О.Д.Б. камакка алынып, Р.Ж.Т.га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Аталган имаратты курууга уруксат кагаздарын даярдоого жана берүүгө башка адамдардын катыштыгы боюнча иликтөө иштерин улантууда.

"УКМК курулуш нормаларын жана эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертет. Бардык аныкталган мыйзам бузууларга карата мыйзамдын чегинде эң катаал чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.