Бишкек 05.07.25 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы "Мадина" базарынын ишкерлерине өзгөчө салык режимине өтүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери ишкерлерге өзгөчө салык режиминин шарттарында иштөөнүн негизги өзгөчөлүктөрү, салык төлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери, ошондой эле салык мыйзамдарынын жаңы жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө маалымат беришти.
Мындан сырткары, салык кызматкерлери соода катарларын кыдырып, ишкерлердин пикирлерин, суроолорун жана сунуштарын угушту. Мындай формат салык төлөөчүлөр менен түз диалог түзүүгө, алардын пикирин эске алууга жана салык салуунун өзгөчө режимине өтүүдө ыңгайлуу шарттарды камсыздоого мүмкүндүк берди.
Белгилей кетсек, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ишкерлердин маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга, салык режимин алмаштыруудагы мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга жана салык органдары менен бизнес коомчулугунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого багытталган.