Маданият министрлигинин жаңыланган имараты жана тарыхы

Коом 1839 25 Март 2025 17:46
486694271_959120166379740_2354937018095275611_n.jpg
486127755_959120169713073_7195106517210227277_n.jpg
486168313_959120333046390_7267710300966544504_n.jpg
486186621_959120246379732_2990760753434540972_n.jpg
486275358_959120249713065_979383807883529556_n.jpg
486385156_959120253046398_1213144999888424765_n.jpg
486526186_959120163046407_6030055817305328649_n.jpg
486685220_959120329713057_1750961461519382465_n.jpg
Алдыга
Артка
486694271_959120166379740_2354937018095275611_n.jpg
486127755_959120169713073_7195106517210227277_n.jpg
486168313_959120333046390_7267710300966544504_n.jpg
486186621_959120246379732_2990760753434540972_n.jpg
486275358_959120249713065_979383807883529556_n.jpg
486385156_959120253046398_1213144999888424765_n.jpg
486526186_959120163046407_6030055817305328649_n.jpg
486685220_959120329713057_1750961461519382465_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин имараты - мурдагы Достук үйү жана Кыргызстандын Совет бийлиги тушунда курулган алгачкы коомдук курулуштардын бири болуп саналат.

1928-жылы архитектор А.П. Зенковдун долбоору боюнча тургузулган бул имарат ошол доордун архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн даңазалаган маанилүү эстеликтердин бири болуп калды. Имарат "Н" тамгасынын формасындагы композицияга ээ болуп, коридордук пландаштыруу системасы менен салынган.

Түндүк фасады советтик символика түшүрүлгөн медальондор менен кооздолгон, ал эми экинчи кабаттын терезелери ийри жаалуу формасында жасалган.

Аталган имарат бай тарыхка ээ – ал башында Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети менен Эл комиссарлар кеңешинин жыйындары өтүүчү жай катары пайдаланылган. Кийинчерээк анын дубалдарында ар кандай мамлекеттик мекемелер жана музейлер жайгашкан.

Архитектуралык стили авангард жана постконструктивизм элементтерин классикалык декоративдик деталдар менен айкалыштырат. Ички жасалгасы улуттук оймо-чийме менен кооздолуп, Кыргызстандын маданий мурасын чагылдырат. 1937-жылы архитектор П. Иванов имараттын капталдарына колонналары бар порталдарды кошкон, ал эми 1946-жылы В. Верюжский анын үстүңкү бөлүгүн гербдик элементтер менен жаңыртып жасалгалаган.

Тарыхый жана архитектуралык эстелик катары республиканын маанилүү маданий объектилеринин бири болуп саналган бул имарат бүгүн да маданий турмуштун маанилүү борбору бойдон калууда. 2024-жылы анын фасадын жаңылоо, коргоо тосмолорун орнотуу жана инженердик системаларды модернизациялоо иштери болгон. Бул аракеттер тарыхый мурастын сакталышын камсыз кылуу менен бирге, аны азыркы талаптарга ылайыкташтырууга багытталган.

Аталган имарат архитектуралык эстелик гана болбостон, Кыргызстандын тарыхый өзгөрүүлөрүнүн катары да калууда. Ал өткөнгө болгон урмат-сый менен келечекке умтулуучу символ катары өз маани-маңызын сактап келүүдө.