Министр: 3 жылда аймактардагы музыкалык мектептердин аспап көйгөйү чечилет

Маданият Загрузка... 21 Ноябрь 2025 14:50
WhatsApp Image 2025-11-21 at 14.36.46.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. 3 жыл ичинде аймактардагы музыкалык мектептердин аспап көйгөйү чечилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Art Dialog” маданият жана искусство тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл Маданият министрлиги аймактардагы музыкалык мектептерге жаңы музыкалык аспаптарды алып бере баштаган. Аспаптар үчүн 32 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

“Мындан ары эми жыл сайын ар бир музыкалык мектепке 15-20 аспаптан алып берип турабыз.
Бүгүн маданият тармагындагы билим берүүдөгү көйгөйлөрдү карап чыктык. Баарына эле маалым болуш керек, аймактардагы музыкалык мектептер кейиштүү абалда. Айрым жерлерде жетишсиз дагы. Алардын музыкалык аспаптары дагы эски. Буга чейин музыкалык мектептер көңүл сыртында калып, мамлекет тарабынан колдоого алынбай келген. Эмдиги жылы методикалык борбор түзүлүп, ар бир музыкалык мектептин окуу куралдары жабдылат”,-деди ал.