Маданият министрлигинин кызматкерлерине 20 планшет тапшырылды

Коом 31 июль 2025 09:20
525491312_1051373123821110_2866421546110243002_n.jpg
525714646_1051373087154447_5380675692730784594_n.jpg
525755931_1051373097154446_1985314283756926078_n.jpg
526794982_1051373150487774_9175209313539170066_n.jpg
526957278_1051373037154452_3790870075484957400_n.jpg
524833540_1051373130487776_2964904313208451384_n.jpg
524919168_1051373157154440_4635259673860495385_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлерине 20 планшет берилди.

Ведомстводон маалымдашкандай, планшеттерди министр Мирбек Мамбеталиев тапшырды.

Белгиленгендей, планшеттер көчмө, координациялык жана аналитикалык иштерге тартылган бөлүм башчыларга берилди. Алар кызматкерлерге талаа шартында маалымат алмашууга, отчетторду даярдоого жана иш-чараларды координациялоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда заманбап санариптик куралдарды пайдаланууга шарт түзөт.

"Бул жөн эле техника эмес, мамлекеттик башкарууну ийкемдүү, ачык жана ыкчам кылуучу шайман. Биз санариптештирүү жана процесстерди модернизациялоо багытын улантабыз", - деди министр тапшыруу учурунда.