Маданият министри "Жусуп" көркөм тасмасын тартуу иштеринен кабар алды

Маданият 03 Март 2026 14:20
645816550_18006431888851989_3290466615392769758_n (1).jpg
643562488_18006431897851989_5560941775381192212_n (1).jpg
643562488_18006431897851989_5560941775381192212_n.jpg
645816550_18006431888851989_3290466615392769758_n.jpg
645821179_18006431906851989_2532625443690124844_n (1).jpg
645821179_18006431906851989_2532625443690124844_n.jpg
645821855_18006431915851989_4096015208904414363_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган "Жусуп" көркөм тасмасынын тартуу иштерине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тасма Т. Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө киргизилген. Учурда тартуу иштери "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын имаратында жүрүүдө.

Министр тартуу процессин көрүп, чыгармачыл топ менен жолугушуп, долбоордун маанисин белгиледи. Ал улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө багытталган демилгелер мындан ары да колдоого алынарын билдирди.

Фильмдин бет ачары 2026-жылдын август айына пландалган.