Маданият министри Түркмөнстанда Жаштар форумуна катышты

Коом 5 август 2025 13:31
528139337_1055860016705754_2825772904509476240_n (1).jpg
528383256_1055860066705749_9168037775676591603_n.jpg
527983119_1055860043372418_5726815893530535619_n.jpg
528267706_1055860096705746_9064957434280855013_n.jpg
528091501_1055860080039081_5495730019885847626_n.jpg
527505707_1055860006705755_7376082759605907653_n.jpg
527939802_1055860050039084_2599808078635546579_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек 05.08.25 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстанда Жаштар форумуна катышты.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, форум Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында өткөн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (РСНВМ) Үчүнчү конференциясынын алкагында орун алды.

Өз сөзүндө маданият министри Мирбек Мамбеталиев климаттын өзгөрүшүнүн күчөп бара жаткан кесепеттери жана деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр туш болгон ар түрдүү чакырыктар шартында жаштар жаңыча, тайманбас жана креативдүү чечимдерди сунуштай ала турган өзгөчө потенциалга ээ экенин баса белгиледи. Ал жаштар туруктуу өнүгүүнүн жана оң өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткычы экенин айтты.

Жаштар форуму БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, БУУнун түзүмдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен жаш лидерлердин ортосунда ачык жана мазмундуу диалог жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча болуп берди. Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жаштарды чечим кабыл алуу процессине жана эл аралык күн тартибин ишке ашырууга тартуу жолдорун талкуулашып, тажрыйба жана ойлор менен бөлүшүштү.

Форумдун жыйынтыгында «РСНВМ келечегине көпүрө куруп» аттуу Жаштар декларациясы кабыл алынып, анда жаштардын деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн активдүү катышуучусу болуу ниети чагылдырылды.