Маданият министри эл аралык сынакка катыша турган рок тобунун өкүлүн кабыл алды

Коом Загрузка... 17 Июль 2025 09:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев My Own Shiva музыкалык рок тобунун өкүлү Михаил Ефименкону кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, рок аткаруучулар май айында биринчи жолу эл аралык Wacken Metal Battle сынагынын аймактык тандоосунун жеңүүчүсү болгон. Бул жеңиш аркылуу Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири музыкалык фестивалдардын бири аталган Wacken Open Air сахнасына чыгуу мүмкүндүгүнө ээ болду.

Мирбек Мамбеталиев бул сынакка катышуу үчүн рок тобуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Фестиваль Германияда өтүп, жыл сайын дүйнө жүзүнөн 80 миңден ашуун көрүүчүлөрдү чогултат. Бул жылы рок аткаруучулардын иш-чарасы 30-июлдан 2-августка чейин уланат.