Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Ага Хан маданият боюнча Трасттын (AKTC) башкы директору Луис Монреал менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана улуттук искусствону өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар жаштардын чыгармачылык потенциалын колдоо, Кыргызстандын тарыхый-архитектуралык мурастарынын абалын эксперттик баалоо жана аларды сактоо боюнча мындан аркы кызматташтыктын багыттарын карашты.
Мирбек Мамбеталиев Ага Хан маданият боюнча Трасттын эл аралык тажрыйбасын Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн маданий потенциалын чыңдоодо пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Луис Монреал биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууда жана ишке ашырууда методологиялык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлде таанытуу багытында кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.