Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Маданий кызматташтык эки элди руханий жактан жакындатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышында билдирди.
Министр алдыда өтө турчу маданий иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп жатып, “Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү расмий түрдө ачылды. Аталган өлкөнүн 400дөн ашуун артисттери, музыканттары, режиссёрлору жана искусство чеберлери келди. Буга чейин Россиянын кино күндөрүн да ачып келдик.
Бул маданий кызматташтык эки өлкөнүн дипломатиялык алакасын бекемдеп, эки элди руханий жактан жакындатат”,-деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү Улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө ачылып, Россиянын белгилүү эстрада жылдыздары жана таланттуу музыканттары катышкан концерттик программа менен тартууланды.
Ошондой эле эртеңден тарта 2-ноябрга чейин маданият күндөрүнүн алкагында учурда актуалдуу россиялык тасмалар акысыз көрсөтүлүп, театр сүйүүчүлөрү “12” театрынын спектаклдерине күбө боло алышат.