Өлкөнүн ар кайсы аймактарында уюштурулган ири маданий жана эл аралык иш-чаралар өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатып, ички жана тышкы туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзүп, оң таасирин тийгизип жатканы талашсыз. Эл аралык фестивалдар өлкөгө келген туристтердин санын арттырып, Кыргызстандын маданий байлыгын дүйнөгө таанытуу менен өлкөнүн экономикасына салымын кошууда.
Маданий туризмди өнүктүрүү аркылуу Кыргызстан өзүнүн уникалдуу тарыхын, салтын жана маданиятын сактап калуу менен бирге дүйнөлүк туристтик картада өз ордун бекемдөөдө. Бүгүн “Кабар” маалымат агенттигине маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев маданий иш-чаралардын туризм тармагына тийгизген олуттуу таасири жана алдыда өтүүчү маданий иш-чаралар тууралуу кененирээк айтып берди.
— “Мейкин Азия” фестивалынан тышкары дагы кандай маданий же эл аралык иш-чаралар өтүүсү күтүлүүдө?
— “Мейкин Азия” фестивалынан сырткары бизде алдыда дагы көптөгөн иш-чаралар бар. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-2-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде Бүткүл дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Масштабдуу эл аралык иш-чарага 51 өлкөдөн 133 өкүлдүн, анын ичинде музыканттардын, окумуштуулардын жана маданий ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө. Катышуучулар Австрия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Корея, Египет, Япония, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, АКШ жана башка ондогон өлкөлөрдөн келишет.
Мындан тышкары, Жалал-Абадда биздин Эгемендүүлүк күнүбүз өткөнү турат. Бул иш – чарага дагы көптөгөн өлкөлөрдөн коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Мындай маданий иш-чараларды мындан ары да байма-бай өткөрүп турууга бел байлап жатабыз. Себеби, маданий иш-чаралар өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүүдө маанилүү роль ойнойт.
— Ушул сыяктуу маданий ири иш-чаралар өлкөнүн туризм тармагына кандай таасир тийгизип жатат?
— “Мейкин Азия” фестивалын 70тен ашуун эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. Бул дүйнөнүн алдыңкы маданий аянтчалары менен кызматташууга шарт түзөт. Кесиптик байланыштарды кеңейтет. Кыргызстандын маданий иш-чараларда активдүү катышуучу катары статусун жогорулатат. Мындан сырткары, дүйнө жүзүнө өлкөбүздүн меймандос эли, бай тарыхы, кооз жаратылышын көргүсү келген потенциалдуу туристтердин келишине шарт түзөт. Жогоруда “Рух Санат” фестивалын да белгилеп өттүм. Ал фестивалга да бир нече өлкөдөн өкүлдөр келет. Алар да өлкөнүн туризм тармагына эбегейсиз зор салым кошору талашсыз.
— Келечекте маданий туризмди өнүктүрүү үчүн кандай жаңы долбоорлор пландалып жатат?
— Биз киноиндустрия тармагында ири долбоорлордун бири болгон “Бишкек эл аралык кинофестивалын” жыл сайын ийгиликтүү өткөрүп келе жатабыз. Бул фестивалды мындан ары дагы кеңейтип, анын масштабын жогорулатуу жана географиясын кеңейтүү максатын коюп жатабыз.
Ошондой эле “Мейкин Азия” жана “Рух Санат” фестивалдары биздин жеке маданий бренддерибиз болуп саналат. “Рух Санат” фестивалы быйыл өлкөбүздө биринчи жолу өтүп жатат. Аны өнүктүрүү, туруктуу негизде өткөрүп туруу келечекке багытталган негизги пландарыбыздын бири.
— Фестивалдар жана иш-чаралар аркылуу өлкөнүн маданий мурастарын таанытуу канчалык ийгиликтүү болууда?
— Негизги тарыхый мурастарыбыздын бири бул салттуу музыка саналат. Бүгүнкү күндө музыканы кеңири жайылтуу багытында ири кадамдар жасалып жатат. Баарыңыздарга маалым болгондой, Улуттук илимдер академиясынын алдында Салттуу музыканы изилдөө борбору ачылды. Бул борбордо улуттук каада-салттарыбыз, маданий мурастарыбыз жана салттуу музыка терең изилденип жатат. Ошону менен катар аталган борбор бизге салттуу музыканы жайылтуу боюнча бир катар маанилүү долбоорлорду сунуштап келет. Буюрса, бул долбоорлордун ар бири көз жаздымда калбай, тиешелүү колдоого алынат.
— Мындай иш-чараларга жергиликтүү тургундардын катышуусу жана колдоосу кандай болууда?
— Улуттук оюндар, тамак-аш, аспаптар жана салттуу музыкабыз өлкөгө туристтердин агымын көбөйтчү негизги факторлордун бири. Көпчүлүк туристтер дал ушул биздин карапайым элдин жашоо-тиричилигине, улуттук өзгөчөлүктөргө, кооз жаратылышыбызга жана салттуу маданиятыбызга кызыгып келишет. Биз бул тармактарды канчалык өнүктүрсөк, туристтердин агымы да ошончолук көбөйөт. Бул багытта кубандыра турган көрүнүш жергиликтүү тургундардын колдоосу. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар өзгөчө ири маданий иш-чараларды жылуу кабыл алып, активдүү катышып, жакшы маанай тартуулап жатышат.