Ар бир сомдун артында элдин маңдай тери турат – Эсептөө палатасынын төрагасы

Маек 16 октябрь 2026 10:15
Ар бир сомдун артында элдин маңдай тери турат – Эсептөө палатасынын төрагасы
Кабар

Финансылык тартип — мамлекеттик башкаруунун жана ачык-айкындуулуктун тиреги. Эсептөө палатасы өзүнүн 30 жылдык жолунда көз карандысыз жогорку аудит органы катары бийлик бутактарынын балансын сактап, мамлекеттик мүлктүн туура пайдаланылышын көзөмөлдөп келет. "Кабар" агенттиги Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов менен болгон маекте тутумдук каталар, укук коргоо органдары менен биргелешкен иштер жана мамлекеттик органдардагы каржылык жоопкерчилик тууралуу сөз кылат.

​– Алмазбек Шаршембиевич, Эсептөө палатасынын 30 жылдык юбилейинин алкагында конституциялык укуктук статус тууралуу сүйлөшүү абдан маанилүү. Мамлекеттик бийлик тутумунда Эсептөө палатасынын ээлеген орду кандай?

​– Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн пайдаланылышын көзөмөлдөгөн конституциялык, көз карандысыз жогорку аудит органы.

Биздин милдетибиз бийлик бутактарынын ортосундагы балансты жана туруктуулукту сактоо. Биз аткаруучу бийликтин структурасына кирбейбиз, ошондуктан алардын ишине көз карандысыз объективдүү баа бере алабыз. Ошол эле учурда, биз Жогорку Кеңешке жылдык отчетторду берип, мыйзам чыгаруучу бийликтин бюджеттик көзөмөл жүргүзүүсүнө негиз түзөбүз. Биздин көз карандысыздыгыбыз мамлекеттеги каржылык тартиптин башкы кепилдиги.

​– Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каржылык тартиптин деңгээлин азыр кантип баалайсыз? Мамлекеттик акча — ээси жок акча эмес деген түшүнүк чиновниктерде калыптандыбы?

​– Акыркы жылдары мамлекеттик аппараттарда жоопкерчилик кыйла жогорулады деп айта алам. Буга мамлекет башчысынын каржылык тартипти чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча катуу талабы да себеп болууда.

​Бирок тилекке каршы, жылдан жылга кайталанган тутумдук кемчиликтер дагы деле бар. Алар кайсылар? Биринчиден, мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуу. Экинчиден, курулуш тармагындагы ашыкча баалоо жана сапатсыз аткарылган иштер. Үчүнчүдөн, бюджеттик каражаттарды жыл аягында шашылыш өздөштүрүүдөн келип чыккан каталар. Сиз айткандай, ар бир мамлекеттик жетекчи бюджеттин ар бир сому жеке же ведомстволук акча эмес, бул элдин каражаты экенин жана ага катуу жоопкерчилик бар экенин унутпашы керек.

​– Текшерүү учурунда табылган мыйзам бузуу менен уурулук же коррупциянын айырмасы кандай? Эсептөө палатасы аларды кантип ажыратат?

​– Бул абдан кылдат суроо. Бардык эле каржылык мыйзам бузуу уурулук болуп саналбайт. Каржылык бузуулардын бир бөлүгү кызматкерлердин квалификациясынын төмөндүгүнөн, бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзүүдөн же нормативдик актыларды билбегендиктен келип чыгат. Аны биз процедуралык же методологиялык каталар дейбиз.

​Ал эми экинчи түрү — атайылап, жеке кызыкчылыкты көздөп, мамлекетке атайын зыян келтирүү менен коштолгон мыйзам бузуулар. Мына ушул жерден коррупция же уурулук башталат. Аудитор документтерди талдоо учурунда схеманы дароо көрөт: бааны атайылап көтөрүү, аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп жазуу же күмөндүү фирмаларга акча которуу.

​– Сиздер тапкан олуттуу мыйзам бузуулар боюнча материалдар Башкы прокуратурага жана УКМКга өткөрүлүп берилет. Бул материалдардын кийинки тагдыры кандай болот? Жөнөтүлгөн иштер аягына чыгабы?

​– Сиз козгогон маселе боюнча бизде укук коргоо органдары менен абдан бекем тутумдук кызматташуу түзүлгөн. Биз материалды жөнөтүп коюп эле четте карап турбайбыз. Атайын биргелешкен жумушчу топтор бар, биз ар бир өткөрүлгөн материалдын реестрин жүргүзөбүз.

​Эгерде биз берген материалдар боюнча кылмыш иши козголсо, биздин аудиторлор эксперт катары катышат. Акыркы жылдары укук коргоо органдарына өткөрүлгөн иштердин аягына чыгуу көрсөткүчү кыйла жогорулады. Мамлекетке келтирилген зыяндар кайтарылып, күнөөлүү адамдар сот жообуна тартылууда. Бул жазанын тартылбай койбостугу деген принципти аткарууга шарт түзөт.

​– Эсептөө палатасынын башкы максаты жазалоо эмес, алдын алуу эмеспи. Мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча кандай иштер аткарылууда?

​– Жакшы дарыгер ооруну айыктырганга караганда, анын алдын алат. Аудит дагы ошондой. Биздин башкы максат чиновникти соттотуу эмес, системадагы жылчыкты бүтөө.

​Ар бир аудиттин жыйынтыгы боюнча биз мамлекеттик органдарга жана өкмөткө милдеттүү сунуштамаларды беребиз. Ушул мыйзамдагы же жободогу жылчыкты бүтөгүлө, оңдогула, болбосо бул жерде дайыма уурулук боло берет деп эскертебиз. Мындан сырткары, биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн каржылык сабаттуулук жана ички контролду уюштуруу боюнча консультациялык жана методологиялык жардамдарды туруктуу берип келебиз.

​– Мааракелик маанайда, өлкөнүн мамлекеттик аппараттарына, бюджеттик каражаттарды тескеген ар бир жетекчиге кандай кайрылуу жасайт элеңиз?

​– Эсептөө палатасынын 30 жылдыгы — мамлекеттик каржы тармагында тартиптин жана ачык-айкындуулуктун маанилүүлүгүн дагы бир ирет эске сала турган күн. Мамлекеттик кызматтагы ар бир жетекчиге айтаарым, бөлүнүп жаткан ар бир сомдун артында Кыргызстан элинин мээнети, маңдай тери, үмүтү турат. Каржылык тартипти сактоо жөн гана мыйзам талабы эмес, бул Мекен алдындагы моралдык милдет. Ал эми Эсептөө палатасы ар дайым мамлекеттик казынанын тазалыгын жана мыйзамдуулукту коргоодо бекем турат.