Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Эсептөө палатасы мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу максатында санариптик жана аналитикалык аудитке өтүүдө. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов мекеменин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
“Бүгүн биз туруктуу реформалар аркылуу санариптик жана аналитикалык аудитке чечкиндүү кадам таштадык. Башкы максатыбыз — мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуу”, — деди ал.
Анын айтымында, учурда Эсептөө палатасында аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык иш уюштурулуп, кагаз жүзүндөгү текшерүүлөрдөн электрондук аудитке өтүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бул максатта “Түндүк” тутуму жана чоң маалыматтарды талдоо ыкмалары киргизилүүдө.
"Натыйжада мамлекеттик каражаттар жумшалганга чейин эле шектүү транзакцияларды жана мыйзам бузууларды аныктоого мүмкүндүк берген алдын алуучу көзөмөл механизмдери түзүлүүдө"— деп белгиледи ал.
Эсептөө палатасынын төрагасы мамлекеттик аудиттин мааниси бюджеттик каражаттарды текшерүү менен гана чектелбестен, элдин ишенимин сактоодо жана мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууда экенин белгиледи.
“Мамлекеттин башкы байлыгы анын казынасы гана эмес, эң биринчи кезекте элдин ишеними. Мамлекеттик казынадагы ар бир сом — жөн гана акча эмес, ал дыйкандын маңдай тери, мугалимдин көз майы, дарыгердин жоопкерчилиги жана бүтүндөй элдин тагдыры. Дал ошондуктан мамлекеттик аудит бул жөн гана сандардын көрсөткүчү эмес, бул адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук”, — деди Алмазбек Акматов.
Ал белгилегендей, Эсептөө палатасынын 30 жылдык тарыхы Ата Мекенге ак кызмат кылуунун жана бийик кесипкөйлүктүн тарыхы болуп саналат. Эгемендиктин алгачкы жылдарында мамлекеттик каражаттардын мыйзамдуу пайдаланылышын камсыз кылган көз карандысыз институтка муктаждык жаралса, бүгүнкү күндө мекеме өлкөнүн стратегиялык өнүгүшүнө салым кошкон конституциялык институтка айланды.
Ошондой эле төрага мекеменин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон ардагерлерге таазим этип, кызматкерлердин принципиалдуулугу жана кесипкөйлүгү Эсептөө палатасынын кадыр-баркынын бекем пайдубалы экенин белгиледи.