Жасалма интеллект доорундагы жаңы окуу жылы: Мугалим эмнелерди үйрөтүшү керек?

Билим 16 сентябрь 2026 12:10
Жасалма интеллект доорундагы жаңы окуу жылы: Мугалим эмнелерди үйрөтүшү керек?
copyright icon WWW
Кабар

Бүгүнкү күндө мектептерде окуучулар да, мугалимдер да жасалма интеллектти кадимки эле күнүмдүк курал катары колдонуп калышты. Бирок бул нерсе билим берүү тармагынын алдына бир топ олуттуу суроолорду коюуда. Азыр мугалим балдарга эмнени үйрөтүшү керек? Окуучулардын баарын жасалма интеллектке калтырып койбой, өз алдынча ойлонуп, иштөөсүн кантип сактап калабыз? Жасалма качандыр бир кезде мугалимдин ордун толугу менен ээлеп ала алабы? Бул маселелер боюнча "Тунгуч" онлайн-мектебинин директору Айсулуу Жамангулова "Кабар" агенттигине кенен маек куруп, өз ойлору менен бөлүштү.

— Бүгүнкү күндө жасалма интеллект мугалимдин жумушун кантип өзгөртүүдө? Ал кайсы милдеттерди чындап жеңилдете алат?

Абдан жакшы суроо. Бул жерде биринчи кезекте белгилей кетчү нерсе — бүгүнкү күндө жасалма интеллект билим берүү тармагында чоң көйгөйлөрдүн бирин жаратууда. Бул маселе бир гана бизде эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ар кандай деңгээлде талкууланып, учурда аны чечүүнүн жолдору изилденип жатат. Албетте, жасалма интеллекттин көптөгөн жакшы жактары бар экенин түшүнөбүз. Бирок билим берүү тармагына келгенде анын тобокелчиликтери да аз эмес. Ошондуктан аны өтө этияттык менен колдонуу зарыл. Менимча, жасалма интеллект мугалимдин ишинде чындап эле абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер мугалим өз предметин жакшы билсе, жасалма интеллект анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, окуу материалдарын жана окутуу ыкмаларын ар бир баланын өзгөчөлүгүнө жараша ылайыкташтырууга жардам берет. Ошондой эле материалды ар кандай форматта сунуштап, аны окуучуга кыйла натыйжалуу жеткирүүгө шарт түзөт. Мисалы, презентациялар, видеолор, тесттер, изилдөө тапшырмалары, долбоордук иштер болушу мүмкүн. Мен жасалма интеллект мугалимдин ишин жакшыртып, кошумча курал боло алат деп эсептейм.

— Эгер окуучу жасалма интеллекттин жардамы менен дээрлик каалаган суроосуна бир нече секунддун ичинде жооп ала алса, анда бүгүнкү күндө мугалим биринчи кезекте эмнеге үйрөтүшү керек?

— Бул дагы жакшы суроо. Балдар кандай болгон күндө да жасалма интеллектти колдонорун түшүнүп турабыз. Ошондуктан бизде азыр эмнени жана аны кантип окутуу керек деген суроолор көбүрөөк болуп жатат. Азырынча жетиштүү деңгээлде сыналган, натыйжалуулугу далилденген усулдар жана тажрыйба жок. Албетте, сынчыл ой жүгүртүү, өз алдынча иштөө, маалыматты талдай билүү — мунун баары мурдагыдай эле абдан маанилүү бойдон калууда. Бирок мугалим дагы эмнеге үйрөтүшү керек деген суроо азырынча татаал бойдон калууда. Менимче, буга убакыт өзү жооп берет.

Ошол эле учурда мугалим эмнени кылбашы керектигин так түшүнөбүз. Эгер мугалим мурдагыдай эле окуу китебинен үй тапшырма берип, үйдөн кандайдыр бир иш жазып келүүнү талап кылса, анда окуучу аны жасалма интеллекттин жардамы менен аткарарына эч кандай шек жок. Ошондуктан мугалим муну түшүнүшү керек. Менимче, мындай тапшырмаларды эски форматта берүү азыр такыр эле маанисин жоготту.

"Төңкөрүлгөн класс" деген абдан жакшы ыкма бар. Анда окуучуга кадимки үй тапшырмасы берилбейт. Тескерисинче, ал үйдөн тема менен алдын ала таанышып, материалды өздөштүрөт, ал эми тапшырмаларды класста аткарат. Менимче, азыр мындай форматка суроо-талап жогору. Муну жакшы түшүнгөн көптөгөн мугалимдер ушул ыкманы колдонуп жатышат. Балдар класска келгенде эмнени түшүнгөнүн, кандай тапшырмаларды аткарганын талкуулашат. Андан соң мугалим менен биргеликте практикалык тапшырмаларды аткарып, өз билимдерин көрсөтүшөт. Менимче, азыр дал ушундай формат зарыл.

— Демек, сиздердин окуучулардын дээрлик бардыгы үй тапшырмасын аткарууда жасалма интеллектти колдонушат десек болот. Баланын өз алдынча аткарган ишин нейротармак тарабынан даярдалган иштен кантип айырмалайсыздар?

Биз окуу контентин иштеп чыкканда, бала жасалма интеллектти колдоно турганын так түшүнөбүз. Ал тургай прокторинг же башка ушул сыяктуу технологияларды колдонсок да техникалык жактан муну толугу менен көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биринчиден, бул система да абдан кымбат. Экинчиден, аларды ар бир тестке жана ар бир тапшырмага киргизе албайбыз. Ошондуктан бул багытта усулчулар менен биргеликте иш алып барабыз. Офлайн-мектептерде усулчулар болсо, бизде, онлайн билим берүүдө педдизайнерлер бар. Алар онлайн сабактарды өткөрүүнүн усулдарын иштеп чыккан адистер. Биз алар менен биргеликте эмнени жасадык? Ар бир сабактын сөзсүз түрдө өзүнүн түзүмү бар: теория, практика жана тестирлөө. Мында тест сөзсүз эле кадимки тест болбошу мүмкүн. Ал ар кандай тапшырмалардан жана калыптандыруучу баалоонун элементтеринен турушу мүмкүн.

Сабактын теориялык бөлүгүн кызыктуу кылууга, баланын көңүлүн бурууга жана материалды күнүмдүк жашоодо чындап колдонулган нерселер менен байланыштырууга аракет кылабыз. Бул жерде эң маанилүү элемент — практика. Практикалык тапшырмаларга баа койбойбуз. Баа коюлбагандыктан, балдар аны жасалма интеллекттин жардамы менен аткарууга убакыт коротпойт деп эсептейбиз. Практикага өзүнө көз чаптырсак, ал интерактивдүү түрдө уюштурулат. Анда жасалма интеллектти колдонуунун эч кандай зарылчылыгы жок. Ошондуктан практикага абдан чоң көңүл бурабыз. Практиканын негизги максаты — сабактын максаттарын бекемдөө, башкача айтканда, бала материалды чындап түшүндүбү, аны колдоно алабы, алган билимин айырмалай жана практикада пайдалана алабы деген суроолорду аныктоо. Муну биз дал ушул практика аркылуу текшеребиз.

Формативдик тесттерге же жалпы формативдик баалоого келсек, бул тесттер, ачык суроолор, диктанттар, кол жазма менен жазып, сүрөткө тартуу менен жүктөлгөн тапшырмалар болушу мүмкүн. Мунун баары бааланат. Бирок, бул жерде да бала жасалма интеллектти колдонушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Ошондуктан «мейли, жасалма интеллектти колдон, бирок ошого карабастан өзүң ойлонуп, маалыматты салыштырып, бир нерсени колуң менен жаз» деген тапшырмаларды берүүгө аракет кылабыз.

— Демек, жасалма интеллектти дайыма колдонуу окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, маалыматты начар эстеп калышына жана жазуу көндүмдөрүн жоготушуна алып келүү коркунучу барбы?

Албетте. Эгер биз өспүрүмдөргө же кичинекей балдарга жөн гана телефон берип, тапшырмаларды каалагандай аткара бер десек же мурдагыдай эле муну кыл, тигини кыл деген эски тапшырмаларды бере берсек, чындап эле чоң коркунуч бар. Бирок ошол эле учурда жасалма интеллекттин оң жактары да бар. Ал көп нерсени түшүндүрүп бере алат. Баары аны кандай колдонгондон көз каранды. Бизге тааныш нейротармактар — ChatGPT, Claude сыяктуу платформаларда окутууга багытталган функциялар да бар. Бирок бала аларды дал ошол форматта колдонбошу мүмкүн. Ошондуктан бул жерде ата-энелердин да жоопкерчилиги бар деп ойлойм. Ошол эле учурда мамлекет да жасалма интеллекттин оң мүмкүнчүлүктөрүн мугалимдер пайдаланып, окутууну кызыктуу өткөрүшү үчүн шарттарды түзүшү керек деп эсептейм. Балким, ошондо натыйжа таптакыр башкача болот.

Бирок бардык нерсени жасалма интеллектке тапшырып, өз алдынча ойлонууну токтотсок, албетте, бүтүндөй бир муунду жоготуп алуу тобокелдиги бар.

— Окуучуларга жасалма интеллектти колдонууга тыюу салуу керекпи же аны туура жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга үйрөткөн оңбу?

— Бул жерде, албетте, ата-энелердин ролу абдан чоң. Анткени мектепте жасалма интеллектти колдонууга тыюу салып, мугалимдерден анын колдонулушун көзөмөлдөөнү талап кылса болот. Бирок үйдө ата-энелер балага телефон берип, жасалма интеллектти эч кандай чектөөсүз колдонууга уруксат берсе, натыйжасы албетте жакшы болбойт. Ошондуктан жасалма интеллектти толугу менен тыюу салуу маселени чечет деп ойлобойм. Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына бөгөт коюлган учурда анын колдонуучулары азайбаганын буга чейин эле көрдүк. Тескерисинче, VPN колдонгондордун саны көбөйдү. Демек, кандайдыр бир нерсеге толугу менен тыюу салып, ошол эле учурда анын колдонулушун натыйжалуу көзөмөлдөө абдан кыйын. Бул жерде ата-энелердин маселеге аң сезимдүү мамиле кылуусу, баласы жасалма интеллектти кандай колдонуп жатканын байкап, бул процессти көзөмөлдөп турушу абдан маанилүү.

Азыр ири нейротармактардын көпчүлүгүндө ата-энелик көзөмөл функциялары бар. Ата-энелер балдарынын жеткиликтүүлүгүн чектеп, белгилүү бир чектөөлөрдү коё алышат. Ошондуктан бул маселеде мектеп менен мугалимдерге караганда ата-энелердин мамилесинен көп нерсе көз каранды.

— Заманбап технологияларды колдонууда окуучулардан артта калбашы үчүн жаңы муундун мугалими кандай көндүмдөргө ээ болушу керек?

Биринчи кезекте мугалим өз предметин жакшы билиши жана чыгармачыл ой-жүгүртүүсү болушу керек деп ойлойм. Кандай гана технология пайда болбосун, бул абдан маанилүү. Эч бир технология жок болсо да, ушул сапаттар негизги орунда кала берет. Кандай гана технология пайда болбосун, эгер мугалим дайыма өзүн өнүктүрүп, жаңы нерселерди издеп, чыгармачылык менен кесибине мамиле кылса, ал мугалимдик миссиясын аткара алат. Жасалма интеллект болгон күндө да кесипке чыгармачыл мамиле кылуу абдан маанилүү.

Бирок мугалимдин ушул чыгармачыл жөндөмүн сактап калгыбыз келсе, аны керексиз же түздөн-түз ишине тиешеси жок иштер менен ашыкча жүктөбөшүбүз керек. Тескерисинче, анын эмгегин баалап, билим берүү процесси менен алектенүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, эмгегине жараша акы төлөп, түрткү берип турушубуз зарыл.

Анткени бир мугалим сабагын жакшы даярдап, окуучуларына сапаттуу билим берсе, ал эми экинчи мугалим андай аракет кылбаса да экөө бирдей айлык алса, бул мугалимдин ишке болгон кызыгуусун төмөндөтөт. Ошондуктан бул жерде да олуттуу маселе бар. Мугалимге эң зарыл болгон негизги сапат — өз кесибине чыгармачылык менен мамиле кылуу.

— Ал эми мугалимдин ишинде жасалма интеллект эч качан алмаштыра албай турган нерсе эмне?

Менимче, мугалимдин баланын абалын сезе билүүсүн, аны түшүнүүсүн, ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн байкап, ошого жараша мамилесин жана окутуу процессин ылайыкташтыруусун алмаштыруу жасалма интеллект үчүн абдан кыйын. Албетте, жасалма интеллект чоң көлөмдөгү маалыматтардын негизинде окутууну жекелештирип, ылайыкташтыра алат. Бирок мугалим ар бир баланын өзгөчөлүгүн байкап, анын өнүгүүсүнө жардам берип, шыктандырып, балада кандайдыр бир көйгөй жаралса окуусун улантуусуна көмөк көрсөтөт.

Мугалим баланы таштап койбойт, тескерисинче, баштаган ишин аягына чейин чыгарууга жардам берет. Менимче, дал ушул сапатты жасалма интеллект менен алмаштыруу мүмкүн эмес.

— Эгер жасалма интеллект мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да кадимки куралга айланса, сиздин оюңузча 5-10 жылдан кийин мектеп кандай өзгөрөт?

Жалпысынан азыр жакшы демилгелер бар. Эгер билим берүү тармагында жасалма интеллектти позитивдүү багытта өнүктүрүп, мугалимдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, окуучунун билим алуусун жекелештирип, анын билим алуу жолун өзгөчөлүктөрүнө жараша ылайыкташтыра алсак, 5-10 жылдан кийин абдан жакшы натыйжаларга жетише алабыз деп ойлойм.

Ал эми жасалма интеллектти балдарга жөн гана берип коюп, окутуунун усулдарын өркүндөтпөй, замандын талаптарына ылайык эч нерсени өзгөртпөсөк, тилекке каршы натыйжасы жакшы болбойт.