Студенттерди аймактарга ротациялоо кадр тартыштыгын чечүүгө багытталган – адис

Билим 5 октябрь 2026 10:20
Студенттерди аймактарга ротациялоо кадр тартыштыгын чечүүгө багытталган – адис

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Студенттерди аймактарга ротациялоо жана ал жерлерде жатаканаларды куруу өлкөдөгү кадр тартыштыгын чечүүгө, аймактарда кадр даярдоону күчтөндүрүүгө жана билим берүү ресурстарын чыңдоого багытталган маанилүү чечимдердин бири болуп саналат. Бул тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу башкармалыгынын башчысы Эдил Амантур уулу “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, студенттердин аймактарга ротацияланышы билим берүү тармагында гана шарт түзүү менен чектелбестен, аймактарда кадрларды даярдоого жана өлкөдөгү кадр тартыштыгын жоюуга өбөлгө түзөт.

“Аймактарга ротация жасалып, ал жактарга жатаканалардын курулушу — бул өтө салмактуу жана олуттуу чечим болду деп эсептейм. Анткени бул маселе бир гана билим берүү тармагында шарт түзүү менен чектелбейт. Бул — аймактарда кадрларды даярдоого, билим берүү каражаттарын жана ресурстарын чыңдоого, ошондой эле мамлекетибиздеги кадр тартыштыгын чечүүгө багытталган чечим”, — деди ал.

Эдил Амантур уулу акыркы жылдары мындай чечимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

“Билесиздер, акыркы 30 жылда мындай чечимдер көп кабыл алынганы менен, кагаз бетинде калып, эрежелери аткарылбай келген. Ал эми акыркы 3–5 жылдын ичинде мындай чечимдер абдан көп кабыл алынды”, — деди ал.