Лукашенконун инаугурациясы 25-мартта өтөт

Дүйнө Загрузка... 20 Март 2025 14:34
WhatsApp Image 2025-03-20 at 11.25.20.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Беларустун президенти Александр Лукашенконун инаугурациясы 25-мартта өтөт. Бул тууралуу БелТА агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Минскте президенттин расмий түрдө ишке киришине байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Ага депутаттар, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьялары катышат. Лукашенко ант бергенден кийин БШКнын төрагасы президенттин күбөлүгүн тапшырат.

Александр Лукашенко Беларустун президенти болуп кийинки мөөнөткө 26-январда өткөн шайлоодо дайындалган. Анда Александр Лукашенко жеңишке жетип, шайлоочулардын 86,82% добушун алган.

Лукашенко ушуну менен президенттик кызматка жетинчи жолу расмий киришет.