Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. ЖККУ киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүшү керек. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкекте өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө маалыматтык чабуулдар, санариптик мейкиндиктеги коркунучтар жана гибриддик мүнөздөгү жаңы тобокелчиликтер мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракетин талап кылууда.
"ЖККУга жыл сайын жаңы багыттар кошулуп жатат. Жабык сүйлөшүүдө мен эң маанилүү багыттардын бири заманбап чакырыктарга жооп берүү үчүн киберкоопсуздук жаатында кызматташууну күчөтүүгө тийиш экенибизди айттым. Себеби, бул абдан чоң көйгөй",-деп белгиледи ал.