Лондондо Доминик Уэст катышкан Кыргызстан тууралуу тасма көрсөтүлдү

Маданият 26 Февраль 2026 16:20
641263067_1216120400679714_7966393218668568669_n.jpg
641259764_1216120497346371_8749066247145908629_n.jpg
641276825_1216120524013035_3796981803231844096_n.jpg
641296113_1216120467346374_5179407500322333865_n.jpg
641464438_1216120357346385_6917757733114875888_n.jpg
642727131_1216120414013046_956689567996935147_n.jpg
643996418_1216120550679699_1126717248257633755_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. 25-февралда Лондондун легендарлуу VUE Cinema кинотеатрында белгилүү актёр Доминик Уэст катышкан Кыргызстан тууралуу даректүү тасманын дүйнөлүк премьерасы өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, "Улуу Жибек жолунун ары жагында" деп аталган бул долбоор эл аралык коомчулукка өлкөнүн маданияты менен жаратылышын тааныштырат.

Салтанаттуу иш-чарага тасманын тартуу тобу, маданий коомчулуктун өкүлдөрү жана маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев катышты. Ажымалиев бул долбоор Кыргызстандын бай тарыхый мурасын жана уникалдуу маданиятын дүйнөгө таанытууда зор мааниге ээ экенин белгиледи.

Долбоор тууралуу маанилүү фактылар:

  • Катышуучулар: белгилүү британиялык актёр Доминик Уэст, Александра Толстая жана Кларк Питерс.
  • Мазмуну: тасма Доминик Уэсттин Улуу Жибек жолунун багыттары — Бишкектен баштап Сары-Челек, Таш-Рабат жана Торугарт ашуусуна чейинки саякатын баяндайт.
  • Эмнелер көрсөтүлөт: көчмөндөрдүн жашоосу, "Манас" эпосу, улуттук оюндар (улак тартыш), бүркүтчүлүк өнөрү жана кыргыз кол өнөрчүлүгү.
"Режиссёр Лора Джоунс тарабынан тартылган бул масштабдуу сериал Кыргызстандын туристтик жана маданий потенциалын эл аралык деңгээлде жайылтууну көздөйт. Тасма өлкөнү байыркы салттар менен заманбап өнүгүү айкалышкан өзгөчө аймак катары чагылдырат",-деп айтылат маалыматта.