Өлүм жазасын киргизүү үрөй учурган адам өлүмдөрүн болтурбоого сабак болот - юрист

Пикир Загрузка... 01 Октябрь 2025 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Өлүм жазасын киргизүү үрөй учурган адам өлүмдөрүн болтурбоого сабак болот. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору Болот Токтобаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин гумандуулук жагынан карап, оор кылмыш кылгандарды өлүм жазасына тартуу киргизилбей келген.

“Өлкөбүздө жаш балдарга, кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук менен коштолгон өлүм учурлары болуп жатат. Мындай кылмыштарга өлүм жазасын киргизүүгө макулмун. Анткени акылга сыйбаган жаман көрүнүштөрдү болтурбоого бул абдан пайдалуу. Өлүм жазасы бүгүнкү күндө АКШнын бир катар штаттарында, Кытайда жана башка өлкөлөрдө колдонулуп келет. Буга чейин Кыргызстан кылмыш кылгандарды өлүм жазасына тартууну туура көрбөгөндүгү бул гумандуулук жагы болгон. Өлүм жазасын киргизсек, ушундай оор кылмыштарды кылгандарды тизгиндеп, коомчулукта адам өлүмүнө алып келген учурларга каршы сабак болот”, - деди ал.

Белгилей кетсек, саналуу күн мурун киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.

Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү керектигин белгиледи.