Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Өлкөнүн зергерчилик тармагында мамлекеттик деңгээлде чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана коомчулук менен байланыштырган маалымдоо каражаттары менен биргеликте зергерчилик тармагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
“Зергерлер союзу ассоциациясы 10 жылдан ашык убакыттан бери демилге көтөрүп, мээнет кылып келе жатабыз. Бизде чийки зат катары алтын, күмүш бар, зергерчилик тармагын өнүктүрсөк болот. Аны кайра иштетишибиз керек деген саясатты жүргүзүп келебиз. 11 жылдын ичинде миңге жакын жолугушуулар болду. Сатып алуу, сатуу менен эле экономика өнүкпөйт, сөзсүз түрдө бизде өндүрүш болуш керек”,- деди Акматов.
Бүгүнкү күндө өлкө президенти, Минкаб төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары жана ошондой эле Экономика министрлиги өзгөчө аракет кылып, зергерчилик тармагында салыктарга бир топ өзгөртүүлөр киргендигин Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти маалымдады.
“Зергерчиликтин салык тамагындагы мындай өзгөрүүсү дүйнөдө жок нерсе деп айта алам. Анткени, зергерчилик багытындагы өндүрүүчүлөрүбүз канча соода жүгүртүү болсо да 0,25 пайыз гана салык төлөп жатышат. Бул сатуудан салык, кошумча нарк салыгы жана пайдадан салык деп буга чейин төлөнүп келген 3 салыктын түрүн алмаштырып жатат. Бул салык тармагындагы биз үчүн түзүлгөн эң мыкты шарт. Мындай жеңилдик азыр Борбор Азия, ЕАЭБ чөлкөмүндө жок деп түшүндүрсөк болот”,- деди ал.
Ошондой эле мындай шартта зергерчилик менен алектенген ишкерлер өндүрүштүн көлөмүн көтөрүүгө жетишүүсү керек экендигин кошумчалады.