Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты.
Ал 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган соң бүткүл өмүрүн өлкөдөгү мыйзамдуулукту чыңдоого, укук тартибин камсыздоого жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган.
Эмгек жолун прокуратура органдарында Ысык-Көл облустук прокуратурасынын тергөөчүсү болуп баштап, башкы прокурор кызматына чейин көтөрүлгөн.
2005-жылы Камбаралы Конгантиев Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланып, Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылдын ноябрынан 2007-жылдын мартына чейин башкы прокурор кызматын ээлеген. Бул жылдары ал прокуратура органдарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн укуктук системасын өркүндөтүүгө жана укук тартибин камсыздоого олуттуу салым кошкон.
Кийинки жылдары Камбаралы Конгантиев мамлекеттик кызматтын жооптуу тармактарында эмгектенип, президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Ошондой эле президенттин кеңешчиси кызматын аркалаган.
Мамлекет алдындагы көп жылдык үзүрлүү иши жана сиңирген эмгеги үчүн Камбаралы Конгантиев "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамына арзыган. "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана I даражадагы "Петр Великий" коомдук ордени менен сыйланган.
Камбаралы Конгантиев кайсы гана кызматта иштебесин, өзүнүн терең билими, жогорку кесипкөйлүгү, мол тажрыйбасы, принциптүүлүгү, тандап алган кесибине берилгендиги, адамгерчилиги менен айырмаланган.
Камбаралы Конгантиевдин жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны урматтап-сыйлаган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алардын орду толгус оор кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, М.А. Сатыев, Э.Ж. Осконбаев, А.К. Койчиев, М.К. Асаналиев, А.Ж. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д.Ж. Амангелдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, Б.Э. Төрөбаев, М.К. Алиев, Б.А. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С. Кадыралиев, А.О. Орозбеков, М.К. Укушов, Н.А. Сулайманкулов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, К.Т. Туманбаев, У.О. Ниязбеков, А.Ж. Жунушалиев, Б.Р. Зулпиев, С.С. Касмамбетов, М.М. Иманкулов, Э.Т. Аширбаев жана башкалар.