Эрте түшүм. Түштүктө өрүк бышты

Аймак Загрузка... 13 Май 2025 09:56
ZPwtiBMJ7Oc.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.05.25. /Кабар/. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өрүктүн эрте бышуучу сорту сатууга даяр болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан 2023-жылдан  бери көчөт өндүрүүчү питомниктер  менен биргеликте мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлүп, республиканын ар бир районунда өсүмдүктөрдү жана сортторду райондоштуруу такталган.

Перспективдүү заманбап жана жогорку маржиналдуу сорттору питомниктерде өстүрүлүп, сыноодон өтүп жана фермерлерге  сунуш кылынууда.

"Бүгүнкү күндө департамент  тарабынан сунушталып, “Биздин Бак” көчөт өндүрүүчү үрөнчүлүк чарбасында сыноодон өткөрүлгөн  өрүктүн интенсивдүү орто бойлуу, ультра эрте бышуучу “приция” сорту бышып жетилди", - деп айтылат маалыматта.