Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 28-июлдан 31-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.