Өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда селдин кесепети жоюлду — Кабар

Өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда селдин кесепети жоюлду

Аймак 23 июль 2026 09:05
711786987_3860292120780625_2561404346945634814_n (1).jpg
752341449_3548140348666846_5574225587456544820_n.jpg
749652235_3548140318666849_3969589585713170476_n.jpg
753150663_3548140345333513_3841002940893880787_n.jpg
753702638_3548140312000183_9078420163045046461_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда жаандан улам сел жүрүп, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев маалымдады.

Анын айтымында, Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука унаа жолунун 40-54-чакырымдар аралыгында сегиз жерден сел түшкөн. Учурда министрликтин жол тейлөө кызматкерлери атайын техникалар менен тазалоо иштерин жүргүзүп, жолдо унаа кыймылы бир тилке аркылуу камсыздалууда.

Ошондой эле Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131–134-чакырымдар аралыгында сел түшүп, жол атайын техникалардын жардамы менен тазаланды. Учурда каттам толугу менен ачык.

Мындан тышкары, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Кажы-Сай айылы аймагындагы 104-чакырымында да сел жүргөн. Жол тазаланып, унаа кыймылы толук калыбына келтирилди.