Өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрү кызматтык унаалар менен камсыздалды

Коом 02 Сентябрь 2025 11:35
541173542_122136487142804925_3163205657057956150_n.jpg
541442689_122136487154804925_5381089565543130492_n.jpg
Алдыга
Артка
541173542_122136487142804925_3163205657057956150_n.jpg
541442689_122136487154804925_5381089565543130492_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Азамат Кадыралиевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен өлкөнүн бардык 232 айыл өкмөтү жаңы кызматтык унаалар менен толук камсыздалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул көрүнүш – мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин аймактарга мындай деңгээлдеги колдоо көрсөтүлгөн эмес", - деп жазды ал.