Өлкөнүн бардык аймактарында жол белгилери жаңыланууда

Коом 19 август 2025 10:47
536285324_1075996144709131_8723733188436437504_n.jpg
536233731_1075996148042464_3683476571382956535_n.jpg
536266006_1075996304709115_6232161135227112239_n.jpg
536274972_1075996264709119_13736787550640465_n.jpg
536279414_1075996151375797_1766621649936468678_n.jpg
536540630_1075996268042452_2332499821555414870_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Өлкөнүн бардык аймактарында эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" жана "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана тарабынан жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 7 227 жол белгиси чыгарылды.

Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актоо сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.