Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти бардык аймактарда февраль айынан июнга чейин “Топурактын асылдуулугун жогорулатуу, топуракты анализдөө, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо жана карантиндик чаралар” деген темада фермерлерге жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистерине окутуучу семинарларды өткөрүүнү пландоодо.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, семинарлар бардык облустарда өткөрүлүп, 400дөн ашык адамды камтыйт.
Негизги максаты – топурактын асылдуулугун жогорулатуу, өсүмдүктөрдү коргоо, пестициддерди коопсуз пайдалануу маселелери боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билимин жана потенциалын бекемдөө болуп саналат.
Катталуу үчүн шилтеме аркылуу малыматтарды толтуруңуз: https://forms.gle/FdYnyT1R3ZPTHhxT6
Семинар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0705 529-229 (Ватсап).
Маалымат үчүн: өсүмдүктөрдү коргоо – зыянкеч, илдет, отоо чөптөрдүн жана башка зыяндуу факторлордун айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө олуттуу зыян келтиришин алдын алууга багытталган стратегиялардын жыйындысы.
Азыркы учурда, агротехникалык жана биологиялык методдор менен катар өсүмдүктөрдү химиялык коргоо ыкмасы бардык жерде жана кеңири колдонулууда. Бирок пестициддер туура эмес колдонулса, алардын калдыктары жер-жемиштерде сакталып, топуракка же жер астындагы сууга сиңип кетиши мүмкүн экендигин эске алуу керек.