Өлкөнүн агроөнөр жай тармагына "акылдуу ферма" технологиялары киргизилет

Коом Загрузка... 22 Октябрь 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 22.10.25./Кабар/. "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен Dohwa Engineering Co., Ltd. корей компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, документке Кореянын Сеул шаарында өткөн Korea Business Week 2025 эл аралык форумунун жана Export Boom-Up Korea Week 2025 көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду.

Документтин максаты Кыргызстандын агроөнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде заманбап технологияларды жана "акылдуу ферма" системаларын киргизүү болуп саналат.

Аталган документке кол коюу Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы инновациялык дыйканчылык жаатындагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.