Өлкөнү өзгөрткөн жолдор. Туристтик аймактарга жетүү жеңилдеди

Экономика Загрузка... 27 Октябрь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жолдор – бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн жүзү жана кыймыл менен байланыштардын негизи катары экономиканын, соода-сатыктын, билимдин жана маданий алакалардын кеңейишине өбөлгө түзөт. Сапаттуу жол инфраструктурасы — туруктуу өнүгүүнүн жана жарандардын жашоо деңгээлинин башкы көрсөткүчү. Ошондой эле ал өлкөгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратып, ички туризмдин өсүшүнө жана аймактардын экономикалык жанданышына түрткү берет.

Учурда өлкө башчысынын тапшырмасы менен өлкөнүн ар кайсы аймактарында туристтик жайларга алып баруучу жолдорду оңдоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул демилгелер өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүп, Кыргызстанды туристтер үчүн дагы да жагымдуу жана жеткиликтүү багытка айлантууда. Бул аракеттердин негизги максаты – туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү, ошондой эле өлкөнүн алыста жайгашкан ажайып кооз жерлерине жетүүнү жеңилдетүү болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-10-27 at 14.28.29.jpeg

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси Алымбек Турдалиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, министрлик быйылкы жылы өлкө боюнча миң чакырымдан ашуун унаа жолуна асфальт төшөгөн. Анын ичинде туристтик жайларга алып баруучу жолдор дагы пландын негизинде оңдоп-түзөө, асфальт төшөө иштеринен өткөрүлүүдө.

“Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча “Чуңкурчак” тоо-лыжа базасына бара турчу Арашан-Чуңкурчак унаа жолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери уланууда. Ошондой эле, Аламүдүн районуна караштуу, Бишкек шаарынын чет тарабындагы туу мамысына (флагшток) баруучу Орто-Сай унаа жолунун 2,5 чакырымы оңдолууда. Кегети жайлоосуна баруучу Кегети-Чыгыш Каракол унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү.

Андан сырткары, “Каракол” тоо-лыжа базасына кеткен Боз-Учук-Шахта-Жыргалаң унаа жолу сыяктуу ири долбоорлор бар.

Өлкөнүн түштүк аймагында Ноокат районуна караштуу Тельман-Кара-Кой унаа жолунун 19 чакырым аралыгына, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Беш-Конуш (5 км) жана Сары-Ой (12 км) жайлоолоруна кеткен жалпы 17 чакырым жолуна асфальт төшөлдү. Ошондой эле Өзгөн районундагы Кара-Шоро жайлоосуна, Жалал-Абад облусундагы Абшыр-Ата, Арсланбап эс алуу борборуна, Сары-Челек коругуна алып баруучу жолдордо быйылкы жылы асфальт төшөө иштери аткарылды.

Ошондой эле, Баткен облусу боюнча Сох-Кан-Зардалы унаа жолундагы Айгүл тоосуна барган жол планга киргизилгендиктен, асфальт төшөөгө чейинки жерди даярдоо иштери жасалууда.

Негизинен алганда туристтик аймактарга алып баруучу жолдорду биз узундугуна жараша этап-этабы менен бөлүштүрүп жасап келе жатабыз. Мисалы, быйыл кайсы бир объектинин 5 чакырым жол жасасак, кийинки жылы бюджеттен бөлүнгөн каражатка жараша 10 чакырымын жасайбыз”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле Турдалиевдин айтымында 2024-жылы Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга баруучу 7 чакырым жолдорго асфальт төшөлүп, Чүй облусундагы “Теплые ключи”, “Ысык-Ата” ден соолукту чыңдоо борборуна барган жолдору оңдолгон. Ошондой эле Кой-Таш-Узун-Кыр унаа жолунун 1 чакырым 400 метр жерине асфальт төшөлгөн.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министринин мурдагы орун басары, жол тармагы боюнча эксперт Нурланбек Кайынбаевдин айтуусу боюнча акыркы жылдары туристтик жайларга алып баруучу жолдорго абдан жакшы көңүл бурулууда.

“Акыркы жылдары Кыргызстанда ири көлөмдөгү жол куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мурда туристтик объектилерге алып баруучу жолдордун толугу менен бузулуп кетпеши үчүн негизинен гана кароо жана техникалык тейлөө иштерине көңүл бурулуп келген. Ал убакта мындай масштабдагы каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоо же жаңы жолдорду куруу дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Азыр болсо бул багыттагы абал кыйла өзгөрүп, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда”,-деди ал.

Мамлекеттин, анын туристтик потенциалы үчүн абдан маанилүү болуп саналган бул унаа жолдорунун жасалышы тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов төмөндөгүдөй оюн билдирди.

“Өнүккөн жол инфраструктурасы туристтик объектилерге жетүүнү камсыз кылуу менен гана чектелбестен, чет элдик инвесторлордун ишенимин жогорулатууда да маанилүү ролду ойнойт. Сапаттуу жолдор өлкөнүн туруктуулугун, алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон өнүгүүсүн жана туристтерге бизнес үчүн ачык экенин көрсөтөт. Заманбап транспорттук тармак инвесторлор үчүн тобокелдиктерди жана чыгымдарды азайтып, мейманканалардын, туристтик комплекстердин жана тейлөө инфраструктурасынын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бул өз кезегинде инвестициянын өсүшүнө чоң таасирин тийгизет”-деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү жолдордун 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жол транспорт тармагына бюджеттен каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашып жатат.

Ошондой эле 25-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен тармактын кызматкерлерин куттуктап жатып, жолчулардын эмгеги менен Кыргызстанда жылына миңдеген чакырым жолдор курулуп жаткандыгын белгиледи.

2024-жылы 802 чакырым унаа жолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылы 1150 чакырымдан ашык жол асфальтталды. 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай ири каражаттын эсебинен акыркы 5 жылда 3 048 км ашык жол курулуп, алардын ичинен 2 453 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Натыйжада өлкөбүзгө маанилүү болгон жолдор салынды, алардын ичинде Чолпон-Ата шаары аркылуу өткөн жол салынып, колдонууга берилди, Ош – Баткен – Раззаков коридорунун курулушу соңуна чыгып калды, олуттуу транзиттик потенциалы бар Барскоон – Бедел жолунун курулушу башталууда”,-деген.

Андан сырткары, министрликтин техникалык базасын чыңдоо жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жол фондунун эсебинен акыркы жылдары жалпы 750 атайын техника сатып алынганын жана 2026-жылы дагы 484 атайын техника сатып алынуусу күтүлүп жатканын белгилеген.