Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Кызыл-Кыя" фитосанитардык көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары өлкө аймагына сапатсыз жана кооптуу азык-түлүктөрдүн кирип кетишинин алдын алуу максатында тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Анын ичинде сырттан импорттолуп жаткан айыл чарба продукцияларынын курамындагы нитраттар менен нитриттердин деңгээлине көзөмөлдү өзгөчө күчөтүү, чек арадан өткөрүү пункттарында фитосанитардык текшерүүнү катаалдатып, Кыргызстандын аймагына карантиндик зыяндуу курт-кумурскалардын, илдеттердин киришине жол бербөө боюнча кошумча чараларды көрүү тапшырылды.
Учурда "Кызыл-Кыя" пунктунда импорттолгон ар бир азык-түлүктүн партиясы лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлөт. Ал эми бакча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж.б.) ички базарларга сатууга чыгарылардан мурун курамындагы химиялык заттардын деңгээли кайрадан кошумча текшерүүдөн өтүп турат.