Өлкөгө күйүүчү май кайсы мамлекеттерден жеткирилет?

Экономика 21 Август 2026 11:40
WhatsApp_Image_X58vPlJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстан өлкөнүн күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун камсыз кылуу үчүн Россия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташууда.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Жыйында өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо үчүн мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, күйүүчү-майлоочу продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларга мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча маалымат угулуп, талкууланды.

Кыргызстандын жалпы мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү орточо 1,5 миллион тоннадан ашат.