Өлкөгө электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүүнүн чеги жакындады

Экономика Загрузка... 05 Сентябрь 2025 17:30
1.webp
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.09.25 /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы электромобилдерди өлкөгө бажы төлөмүсүз ташып кирүү үчүн белгиленген чеги жакындап калганын кабарлайт.

Ведомстводон белгилешкендей, Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2009-жылдын 27-ноябрындагы №130 чечиминин 7.1.38-пунктуна ылайык, электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттары (8703 80 000 2 ТН ВЭД ЕАЭБ коду менен классификацияланган) төмөнкү чектөөлөр менен бажы төлөмүсүз киргизилет:

  • 2022-жылы — 5 миң автоунаа;
  • 2023-жылы — 10 миң автоунаа;
  • 2024-жылы — 10 миң автоунаа;
  • 2025-жылы — 10 миң автоунаа.

2025-жылдын 4-сентябрына карата Кыргызстанга 8 558 электромобил киргизилген. Белгиленген лимитке жеткенден кийин электромобилдерди киргизүү үчүн бажы төлөмү алардын бажы баасынын 15 пайыз көлөмүндө төлөнө баштайт.