Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Салык кызматкерлери 5 млн сомдон ашык суммадагы косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда өлкөнүн аймагына косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.
SETRA маркасындагы автобусту текшерүү учурунда товардык коштомо кагаздары жок ар кандай аталыштагы косметикалык каражаттар табылып, тартып алынды. Алардын болжолдуу суммасы 5 млн 739,6 миң сомду түзөт.
Бул факт боюнча материалдар тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.