Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Акыркы убакта өлкөнүн борборунда жана аймактарда оң өзгөрүүлөр байкалууда. Мындай пикирин Бишкек шаарынын тургуну Гүлжан Сыдыкова “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, масштабдуу өзгөрүүлөр ар бир жаранга көрүнүп турат. Ошол эле учурда шаар тургуну мамлекет мындан ары да саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек деп эсептейт.