Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Өлкөдөгү пенсия алуучулардын саны 1-сентябрга карата 813 миң 401 жаранды түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мында жалаң гана улгайган адамдар эмес бага турган адамын жоготкондор, майыптыгы боюнча пенсия алгандар бар.
“Жалпы пенсиягы чыгуу курагы өзгөргөн жок. Айымдар үчүн пенсия курагы 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш белгиленген. Пенсияга эрте чыгуу шарттарынын каралышы менен пенсионерлердин саны көбөйдү. Эгер айымдардын эмгек стажы 35 жыл болсо, 55 жаштан пенсияга чыкса болот эле. Мырзалардын 40 жыл эмгек стажы болсо, 60 жаштан пенсияга чыкса болмок”,- деди Жуматаева.
Күндөн күнгө пенсия алуучулардын саны көбөйүп жатканын жана эрте пенсияга чыгуу курактары алынып салынганын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары маалымдады.
“Бизде пенсияга чыгуу менен иштеп, эмгектенип жүргөн пенсионерлер көп болгон. Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызматкерлер 65 жашка чейин эмгектенсе болот. Ошондуктан пенсия да алып, эмгек акы да алган пенсия алуучулардын саны көбөйүп, бюджетке дагы оорчулук жаралган. Ошондуктан жалпы курак 58 жаш менен 63 жашка белгиленип, эрте пенсияга чыгуу курактарын алып салдык”,- деди ал.