Өлкөдөгү курулуштардын сапаты: коопсуздук, көзөмөл жана кепилдик

Экономика Загрузка... 10 Декабрь 2025 18:20
d2c5f640-1466-48ca-ba64-439d9abd5dbe.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Акыркы жылдары өлкөдө турак жайга болгон суроо-талап кескин жогорулады. Калктын ички миграциясы, экономикалык өзгөрүүлөр жана шаарга элдин агылышы курулуш тармагынын санын арттырды. Борбор калаадан тышкары, демографиялык өсүшкө жараша өлкөнүн башка аймактарында да курулуштардын саны өсүүдө. Бирок турак жайлардын көбөйүшү менен анын коопсуздук маселеси дагы коомчулукта эң талкууланган темалардын бири болуп келет.

Жалпы курулуш жана социалдык объектилер

Быйыл өлкөнүн аймагында быйыл жалпы 668 объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 15,5 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда алардын 300гө жакынынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилген. Бул өлкө тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болгонун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Муну менен бирге эле социалдык маанидеги объекттердин саны дагы төмөндөгүдөй өскөн:

  • мектеп - 102;
  • бала бакча - 32;
  • саламаттык сактоо мекемеси - 11.

Калгандары ар түрдүү багыттагы башка объекттер.

Көзөмөл жана сапат кепилдиги

Ошондой эле Орунтаев учурда жүргүзүлүп жаткан курулуштардын сапаты жогорку деңгээлде экендигин белгилеген.

“Аймактагы кызматкерлерден атайын түзүлгөн жумушчу топтор жана курулуштарда иштеген техникалык көзөмөлчүлөрдүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Министрлик ар бир курулуш объектисин онлайн түрүндө көзөмөлдөй алат. Каалаган учурда текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондой эле ар бир курулуш объектисинин жеке паспорту бар.

Анда төмөнкү маалыматтар камтылган:

  • курууну кайсы компания ишке ашырып жатат;
  • подрядчы уюмдар кимдер;
  • долбоордун техникалык жана архитектуралык мүнөздөмөлөрү кандай болушу керектиги тууралуу.

Буга чейин министрлик жеринде барып гана көзөмөл жүргүзө алса, азыр бул иш толук электрондук форматта ишке ашырылып жатат”,- деп белгиледи ал.

Лицензиялоо жана жоопкерчилик

Буга чейин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгынын башкы адиси Маматзия Жолдошов курулушчу компаниялар жөнүндө маалымат берип жатып, “учурда курулуш менен долбоорлоо иштерине жалпысынан 6 289 лицензия берилген. Ал эми курулуш компаниялардын саны – алардын талаптарды аткарбай, кара тизмеге киргенине байланыштуу өзгөрүп турат.

Лицензиясы жок курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларга карата министрликтин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан айып пул салынат жана иштери токтотулат. Ошондой эле белгиленген тартипте доо арызы менен сот органдарына кайрылат. Кара тизмедеги компаниялардын тизмесин Курулуш министрлигинин расмий сайтында "Берилген лицензиялардын реестри" бөлүмүнөн көрсө болот” ,-деп белгилеген.

Коопсуздук жана сейсмикалык туруктуулук

Курулуштардын коопсуздугу тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандагы Архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары Байсен Кариев дагы өз пикирин билдирди.

“Буга чейин борбор калаага 40 кабаттуу үйлөр курулары айтылган. Бул коомчулукта “мынча кабат сейсмикалык жактан туруштук бере албайт” деген пикирлерди жаратты. Бирок муну мен мындайча түшүндүргүм келет. Эгерде үй туура эмес салынса, бир кабат жер там дагы бат эле кулайт. Ал эми туура курулса, 100 кабат үй да туруктуу болот”,-деди ал.

Кариевдин айтымында, курулуш тармагынын долбоорлоо системасы так аныкталган. Биринчи этапта объект курула турган жердин уруксаты каралат, геологдор жердин туруктуулугун текшерип, жыйынтыгын чыгарышат. Ошол маалыматтын негизинде үйдүн архитектуралык жана конструктивдик долбоору түзүлөт. Андан соң курулуш министрлигинин текшерүүсү жүргүзүлүп, анын макулдугунан кийин гана экспертизага берилет. Экспертизанын жыйынтыгы оң болсо гана курулушка уруксат.

Эреже жана талаптар сакталган үйлөргө гана кепилдик берилет. Мыйзам бузуу менен курулуп жаткан объектилер текшерилип, курулушу токтотулат.

Совет дооруна салыштырмалуу азыркы үйлөр компьютердик эсептөө аркылуу долбоорлонуп, арматуралары көбөйтүлүп, эки эсе катуу бетондор колдонулууда. Натыйжада, туура долбоорлонгон үйлөр жер титирөөгө жакшы туруштук бере алат.

“Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Ысык-Ата тектоникалык жаракасын эске алынышы зарыл. Кээ бир зоналарда курулушка таптакыр уруксат берилбейт. Борбор калаанын ортоңку бөлүгүндө 8 балл, түндүк тарабы саздуу болгондуктан 9 балл деп эсептелинет. Андан сырткары, жер титирөө болгондо борбор калаада кандай күч менен сезилерин Сейсмология институту эсептейт. Ар бир облустун туруктуулук боюнча карталары бар жана курулуш иштери ошол карталарга ылайык жүргүзүлөт”,-деп кошумчалады Байсен Кариев.

Андан сырткары, коомчулукта Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү тууралуу күмөн саноолор да байма-бай айтылып келет. Бул тууралуу министр Орунтаев төмөндөгүлөрдү билдирди:

“МИК аркылуу курулуп жаткан үйлөр заманбап технология менен туннелдүү ыкмада курулууда. Бул ыкмада үйлөр толугу менен бетон жана арматурадан тургузулат. Кыш колдонулган эмес. Мындай имараттардын жер титирөөгө туруктуулугу жогору. Эң негизгиси ипотекалык үйлөрдүн курулушу мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө. Ошондуктан, тынчсызданууга негиз жок. Баары өз убагында бүткөрүлөт. Кабатыр болууга негиз жок. Баары МИКтен үйлүү болот”,-деп белгиледи ал.