Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда сырттан эле келген чет өлкөлүк туристтер үчүн гана эмес, өзүбүздүн ички эс алуучулар үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине туризм тармагы боюнча эл аралык серепчи Азамат Жамангулов билдирди.
Анын айтымында, ондогон жылдардан бери начар абалга кептелген эс алуу объекттеринде реконструкциялоо иштери жанданып, жаңыланууда. Ошол эле маалда экосистемага зыян келтирбөө максатында чечкиндүү кадамдар жасалып жатат.
“Учурда өлкөдөгү эс алуу жайларынын реконструкция жана модернизация иштеринин болуп жатканы абдан жакшы көрүнүш. Советтер Союзунан баштап, 30 жыл ичинде алар начар абалга келип калган. Көпчүлүгү иштен чыгып, токтоп калган объекттер арбын болгон.
Ошол үчүн менин оюмча, булардын бардыгынын абалынын жакшыртылышы жакшы жышаан. Муну менен сырттан эле келген чет өлкөлүк туристтер үчүн гана эмес, өзүбүздүн ички эс алуучулар үчүн дагы ыңгайлуу шарттардын түзүлүп жатат.
Азыр мына эң эле чоң парктарыбыздын бири “Ала-Арчада” модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин экологиялык стандарттар сакталышы керек, унаалардын массалык түрдө кирүүсүнө тыюу салынышы зарыл, ал жерде көбүнесе электромобилдер жүрүшү кажет деген пикирлер айтылып келген.
Мына бүгүнкү күндө ушул кадамдар ишке ашып, электрокарлар жүрө баштады. Асма жолдор салынганы жатат.
Ошондой эле элдин кирип-чыгуусу дагы экологиялык жактан көзөмөлдөнүүдө.
Ушундай жол менен “Ала-Арча” паркын эле эмес, бүтүндөй биздин туристтик объекттерде иштерди жүргүзүү туура деп белгилегим келет. Анткени транспорттордун жана эс алуучулардын кирүүсү экосистемага зыян келтирбеши керек”, - деди Азамат Жамангулов.