Чакан ГЭСтер ички, күн, шамал электростанциялар тышкы инвесторлор тарабынан курулууда

Экономика Загрузка... 08 Октябрь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-10-08 at 10.39.23.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Өлкөдөгү чакан гидроэлектрстанцияларды куруу Кыргызстандын ички инвестицияларынын эсебинен, ал эми күн жана шамал электростанцияларын куруу тышкы инвестициялардын эсебинен ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, кичи гидроэлектростанцияларды, күн жана шамал электр станцияларын куруу багытында 2023-2025-жылдар аралыгында өлкөдө 71 жер тилкеси сынак аркылуу ишкерлерге берилип, келишимдер түзүлгөн. Алардын ичинде 55 кичи гидроэлектрстанцияларды, 15 күн электростанцияларын жана 1 шамал электростанциясын куруу үчүн жер тилкелери берилген.

“Жашыл энергетика фонду тарабынан 2023-2025-жылдар аралыгында энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) куруу үчүн жер участкаларынын бөлүнүшү жана инвесторлор менен иштешүү иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Чакан гидроэлектрстанциялар Кыргызстандын ички инвестициялары тарабынан курулууда. Бул көрсөткүч ички рыноктун жана жергиликтүү инвесторлордун энергетика тармагына кызыгуусун жана ишенимин ырастайт. Ал эми күн жана шамал электрстанцияларынын курулушу тышкы инвестициялар тарабынан ишке ашырылууда. Бул өлкөнүн ЭКБ секторунда эл аралык каржылоону тартуу жана технологиялык инновацияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейгенин көрсөтөт. Фонд тараптан ЭКБ долбоорлорунун үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, инвесторлор менен кызматташуу жакшыртылууда”,- деди Орозбаев.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 23-мартындагы президенттин тиешелүү жарлыгына ылайык, Жашыл энергетика фондуна энергияны кайра жаралуучу булактардан пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз пайдалануу укугу берилген.

“Фонддун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, министрлер кабинетинин токтомдоруна жана эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Анын каражаттары республикалык бюджеттен, эл аралык гранттардан, максаттуу түшүүлөрдөн жана ыктыярдуу демөөрчүлүк жардамдардан түзүлөт. Фонддун ишмердиги мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана каржылык натыйжалуулук принциптерине негизделет.

Мындан тышкары, Фонд энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда маанилүү инструмент болуп саналат. Ал инвестициялык макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган долбоорлорду колдоп, ички жана тышкы инвесторлор үчүн укуктук жана каржылык туруктуулукту камсыз кылат. Электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү жана көзөмөлдөө аркылуу фонд өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана климаттык максаттарга жетүүгө салым кошот”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Жашыл энергетика фонду – кайра жаралуучу энергия булактары жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн каражаттарды топтоо жана максаттуу пайдалануу максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат. Фонд жашыл энергетика объекттерин долбоорлоону, курууну, оңдоону, реконструкциялоону жана пайдаланууну каржылайт. Ошондой эле экологиялык жактан таза энергия өндүрүүчүлөрдү субсидиялоо жана өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алуу механизмин камсыз кылуу функцияларын аткарат.