Жынысын өзгөртсө да ИЖН кодун алмаштырууга болбойт

Коом 22 январь 2026 10:40
Жынысын өзгөртсө да ИЖН кодун алмаштырууга болбойт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Нурсултан Кубановдон идентификациялык жеке номерди (ИЖН) кайсы учурда алмаштырууга болорун сурады.

Анын айтымында, ИЖН-кодду алмаштырууга техникалык ката кеткен учурда гана уруксат берилет.

Жумабеков ИЖН-код берүүдө аялдарга 1 цифрасы, ал эми эркектерге 2 цифрасы ыйгарыларын белгиледи.

Министрдин орун басары мыйзамга ылайык, жынысын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу ИЖН-кодду алмаштырууга болбой турганын айтты.

"Учурда ИЖН-кодду ыйгаруу боюнча төрөт үйлөрү менен интеграциялык иштер жүрүп жатат. ИЖН-кодду алмаштыруу маселеси жарандын жеке кайрылуусунан кийин жана алмаштыруунун себептери толук изилденгенден кийин гана каралышы мүмкүн", - деп жооп берди ал.