Өлкөдө жыл соңуна чейин 100 соцобъекттин курулушун бүткөрүү пландалууда

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 12:45
whatsappimage20250924at143602-44768e35a4b6e00b4.76028392.jpg
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Учурда өлкөдө жалпы 283 социалдык объекттин курулуш иши кызуу жүрүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуштар министрликтин көзөмөлүндө.

Анын ичинен:

  • Мектеп - 145;
  • Бала бакча - 74;
  • Спорт объекти - 34;
  • Саламаттык сактоо объекти - 11;
  • Маданият үйү - 5;
  • Административдик имарат - 14.

Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылдын эсебинен 126 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Жыл соңуна чейин дагы 100дөй соцобъектинин курулушун бүткөрүү пландалууда.