Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Өлкөдө IT тармагы, оператор, программист, тигүүчү, куруучу, айдоочу сыяктуу жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору жана актуалдуу. Бул тууралуу Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кызмат көрсөтүү тармагында чач тарач, тырмак жасоочу, визажист, жеткирүү кызматтарына да талап бар.
“Кесиптерди талдоо боюнча үч тараптуу биргелешкен изилдөө 2024-жылдын июль айында башталып, 2025-жылдын март айында жыйынтыкталды. Изилдөөдө анкета, сурамжылоо ыкмалары колдонулду. Мурда кесиптерди талдоо боюнча изилдөө 5 жылда бир жүргүзүлүп келсе, эми бир жылга карата өткөрүлдү”,- деди Мукамбетова.
Ошондой эле министрликтин өкүлү тез өнүгүп жаткан эмгек рыногу жаңы кесиптерди, жаңы окуу программаларын талап кылып жаткандыктан, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча багыт берүү иш аракеттери байма-бай жүргүзүлүп турушу керек экендигин маалымдады.
“Учурда өлкөдө кесиптик багыт берүү борборлору Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Каракол, Ош, Баткен жана Бишкек шаарларында ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барышууда. Бул борборлор мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн туура кесип тандоосуна кеңеш, багыт берет. Азыр иш берүүчүлөр, окуу жайдын жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда жолугушуу аянтчасы да түзүлүүдө”,- деди ал.
Эскерте кетсек, быйыл 11-классты 80 миңден, 9-классты 120 миңден ашык окуучу бүтүрүүдө. Бул балдардын алдында биринчиден мамлекеттик экзамендерди тапшыруу, экинчиден кесип тандоо милдети турат.