Өлкөдө жүрүп жаткан негизги ички реформалардын бири дебюрократизация - Данияр Сыдыков

Коом Загрузка... 20 Август 2025 11:42
WhatsApp Image 2025-08-20 at 10.59.10.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө жүрүп жаткан негизги ички реформалардын бири дебюрократизация. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, президентке караштуу улуттук стратегиялык демилгелери институтунун башкы эксперти Данияр Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бюрократияны жоюу саясатынын негизги максаты эл, ар бир жаран ушул реформалардын жыйынтыктарын сезүүсү зарыл.

“Ушул жылдын март айында президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол коюп, бюрократияны жоюу иштеринин алдыга жылышына түрткү берди. Ошондуктан эл сезе турган реформалар болсун деп, үстүбүздөгү жылдын март айында реформалар башталды. Мисалы, бүгүнкү күндө “Түндүк” тиркемеси аркылуу ар бир документти алууда бюрократиялык көрүнүштөр жоюлуп жатканын көрүп жатабыз. Бул санариптештирүү тармагындагы эл сезе турган көрүнүктүү мисал. Азыр элибиз документ топтоодо мурдагыдай убара болуп кыйналбайт. Бирок, муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул эл аралык практика”,- деди Данияр Сыдыков.

Эксперттин пикиринде, дебюрократизация боюнча эң алдыңкы орунда Эстония мамлекети турат.

“Биз Эстония сыяктуу мамлекеттерден үлгү алышыбыз керек. Мисалы, ал жакта мамлекеттик кызматтардын бардыгы толук санариптештирилген. Азыр Эстониянын жарандары эч жака кайрылбай, кыйналбай эле тиешелүү тиркемелер аркылуу бардык мамлекеттик кызматтарды ала алышат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы жылдары бюрократияны азайтуу боюнча чоң иш-аракеттер жүрүүдө. Президенттин атайын жарлыгынын негизинде мамлекеттик органдардын функциялары кайра каралып, натыйжасыз жана кайталанган милдеттер жоюлууда. Бул реформа жарандарга кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүүгө, бизнес жана инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтууга багытталган. Ошондой эле “Түндүк” платформасы аркылуу мекемелер ортосунда маалымат алмашуу автоматташтырылып, кагаз бюрократиясын кыскартуу иштери жүрүүдө.