Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда жолдорду асфальттоо иштери өткөн жылга салыштырмалуу кыйла ылдамдады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Министрдин айтымында, 2026-жылдын 16-июлуна карата өлкө боюнча жалпы 651 чакырым автожол толугу менен асфальтталды.
"Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп, өткөн жылы ушул убакта 386 чакырым жол асфальтталган", - деп айтылат маалыматта.