Өлкөдө жазгы талаа иштерине карата 130 чакырымдан ашуун канал тазаланды

Коом Загрузка... 03 Март 2025 14:49
650bd9bc5ff2f-thumb.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. 3-мартка карата 131,3 км чарба аралык каналдардын тазалоо иштери аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Сугат мезгилине даярдоо максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 500 чакырым чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык жол менен тазалоо, 755 даана гидротехникалык курулмаларды, 200 даана суу өлчөөчү постторду, 91 даана насостук станцияларды, 156 даана насостук агрегаттарды оңдоо-калыбына келтирүү иштери аткарылды.

Ошондой эле 40 даана насостук агрегат жаңыланып, 272 чакырым коллектордук-дренаждык тармактын тазалоо иштери мерчемделди.

Ал эми 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык жол менен тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2025-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустарында 2025-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2025-жылдын 10-майына карата бүткөрүлөт.