Бишкек, 27.09.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Темир айылындагы "Арчалуу" сел өтүүчү каналынын курулушу менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, узундугу 2040 метр болгон каналдын курулушу 2026-жылдын 29-апрелинде башталган. Долбоор аяктагандан кийин 200дөн ашуун турак үй, ички жолдор жана Бишкек – Каракол унаа жолунун 600 метр тилкеси селден корголот. Курулушту ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.
Ошондой эле министр Бактуу-Долоноту айылындагы 2500 метрлик сел өтүүчү каналдын курулушун жана Ананьево айылындагы №33 өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушун текшерди. Акыркы объекттин курулушу 67 пайызга аткарылды.