Өлкөдө жарандардын жана туристтердин саламаттыгын коргоо чаралары күчөтүлдү

Ден соолук Загрузка... 10 Июль 2025 15:25
338132.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги жайкы сезондо жарандарга жана туристтерге өз убагында, сапаттуу медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жардам көрсөтүү максатында комплекстүү планды ишке ашырууда.

Министрликтин буйругуна ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында медициналык инфраструктура даярдалды:

  • дары-дармек кору түзүлдү;
  • медициналык техника жана жабдуулардын даярдыгы текшерилди;
  • саламаттык сактоо уюмдарында кошумча керебеттер даярдалды.

Иш пландын алкагында тез жардам пункттары күнү-түнү иш алып барууда, өзгөчө эл көп жүргөн унаа жолдордо нөөмөтчү бригадалар жайгаштырылды.

Бишкек — Ош жолу:

  • Токойлу (114-км): 3 бригада, 1 автоунаа (вахта режиминде, Суусамыр ЖДПБ);
  • Төө-Ашуу: 2 бригада, 1 автоунаа (Суусамыр ЖДПБ);
  • Чычкан (238-км): 3 бригада, 1 автоунаа (Токтогул ЖДПБ).

Бишкек — Торугарт жолу:

  • Боом (140-км): 4 бригада, 1 автоунаа (Кемин ЖДПБ).

Бишкек — Каракол — Эңилчек жолу:

  • Эңилчек: 1 бригада, 1 автоунаа (Ак-Суу ЖДПБ).

Ысык-Көл жээгиндеги эс алуу аймактарында медициналык пункттар уюштурулду:

  • Ысык-Көл району – 3,
  • Балыкчы шаары – 1,
  • Түп району – 2,
  • Каракол шаары – 3,
  • Ак-Суу району – 1,
  • Жети-Өгүз району – 1,
  • Тоң району – 1.

Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда жана эс алуучулар жайгашкан объекттерде санитардык-гигиеналык жана инфекциялык оорулардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл облусунда 463 санитардык паспорт алуу өтүнүчү түшүп, анын ичинен 317си каралып, даярдык актылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү. Ошондой эле капчыгайларда жана пляждарда жайгашкан 179 боз үйдүн текшерүүсү жүргүзүлүп, санитардык талаптар түшүндүрүлдү.

Кошумча түрдө төмөнкүдөй экологиялык текшерүүлөр жүргүзүлдү:

  • 332 үлгү таза ичүүчү суудан алынды;
  • 128 үлгү көлдөн;
  • 178 үлгү пляждагы кумдан.

Бул чаралардын баары — жарандардын жана меймандардын коопсуздугун, ден соолугун жана жайлуулугун камсыз кылууга багытталган.