Өлкөдө жайыттарды пайдалануу эрежелерин жаңыртуу пландалууда

Коом Загрузка... 11 Октябрь 2025 18:25
11.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасында жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте долбоор жаңы Жер кодексинин ченемдерин ишке ашырууга жана жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди өркүндөтүүгө багытталганы белгиленет. Негизги милдеттер — жайыт ресурстарын башкаруу жана пайдалануу тутумун тартипке келтирүү, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жайыттардын абалын мониторингдөөнүн заманбап инструменттерин киргизүү.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жайыт жерлери экономикада негизги орунду ээлеп, мал чарбасын өнүктүрүүнү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат. Жаңы Жер кодекси күчүнө киргенден кийин мурдагы "Жайыттар жөнүндө" мыйзам өз күчүн жоготкон, бул жаңыланган мыйзам базасына ылайык келген жаңы мыйзам алдындагы актыларды бекитүүнү талап кылды.

Документте климаттын өзгөрүшү жана жердин деградациясы шартында жайыттарды экстенсивдүү пайдалануу барган сайын кирешесиз болуп, экологиялык, социалдык жана экономикалык тобокелдиктерди алып келери белгиленген. Буга байланыштуу жергиликтүү деңгээлде жайыт жерлерин башкаруунун, баалоонун жана калыбына келтирүүнүн заманбап ыкмаларына өтүү сунушталууда.

Долбоордун негизги жоболору:

  • Жер кодексинин талаптарын ишке ашыруу, жайыттардын экологиялык абалын жакшыртуу жана мал чарбасын стимулдаштыруу үчүн укуктук механизмдер түзүлөт;
  • ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайыттарды башкаруу жана пайдалануу пландарын иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча кошумча ыйгарым укуктарга ээ болот;
  • жайыттарды башкаруу, аларды пайдаланууга берүү, мониторинг жүргүзүү жана жерлердин абалын жер-жерлерде баалоо боюнча мамлекеттик функцияларды өткөрүп берүү каралат;
  • учурдагы ченемдик актылардагы кемчиликтер жана коллизиялар жоюлуп, юридикалык жана жеке жактарды жайыт ресурстарын сактоо жана жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлорго тартуу үчүн шарттар түзүлөт.

Министрлик белгилегендей, документти ишке ашыруу жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жердин деградациясынын деңгээлин төмөндөтүүгө жана Кыргызстанда мал чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоого мүмкүндүк берет.