Жайыттарды калыбына келтирүү үчүн 3 226 гектарга үрөн себилди

Коом Загрузка... 13 Ноябрь 2025 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Кунарсыз жана түшүмдүүлүгү төмөн жайыт жерлерди калыбына келтирүү максатында жалпысынан 9 650 гектар аянтка төрт түрдүү жайыт чөбүнүн үрөнүн себүү пландалган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда анын ичинен 3 226,85 гектар аянтка үрөн себүү иштери толук аяктап, бул жалпы пландын 33,4 пайызын түзүүдө.

Белгиленгендей, жайыт чөптөрүнүн түрлөрү ар бир аймактын климаттык жана топурактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тандалган. Бул иштер жайыттардын курамын жакшыртууга, мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын кеңейтүүгө жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого багытталган.

Кызмат жайыттарды калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды системалуу түрдө ишке ашырууну улантат. Бул демилге айыл аймактарынын экономикалык өсүшүнө жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү иштери республика боюнча активдүү уланууда.