Өлкөдө товар өндүрүүчүлөргө 4,08 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 14 Октябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. 2-октябрга карата "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун алкагында республиканын 6 486 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы көлөмү 4 млрд 80 млн 95 миң сомду түздү, анын ичинде:

  • "мал чарбачылыгы" тармагы боюнча 3 381,37 млн сом суммасында 5 442 субъектти түзөт;
  • "өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти түзөт;
  • "сууну үнөмдөөчү технологиялар" тармагы боюнча 17 млн сом суммасында 24 субъектти түзөт;
  • "лизинг" тармагы боюнча 241,56 млн сом суммасында 122 субъектти түзөт.

2025-жылдын 2-октябрына карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

Безымянный.png