Өлкөдө техникалык жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча комитет түзүлөт

Коом Загрузка... 19 Август 2025 17:17
judge-gavel-shoppin.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Кыргызстанда Техникалык жөнгө салуу, көзөмөл жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетин түзүү пландалууда. Бул маселе бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн дебюрократиядан арылуу боюнча комиссиянын отурумунда талкууланды.

Юстиция министри Аяз Баетов билдиргендей, жаңы комитет бир катар мамлекеттик органдардын кайталанган функцияларын аткарып, бюрократиялык процедураларды кыскартууга жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул демилгени толугу менен колдой турганын баса белгиледи.

"Биз бул кадамга барабыз. Мен муну толугу менен колдойм. Бүгүнкү күндө көптөгөн министрликтер каршы болушу мүмкүн, бирок бул багытта иш алып баруу керек", — деди ал.